17-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3901-чакырымы), кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт. Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду […]Читать далее
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплокоммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү. Алсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИде «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИнин «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү болуп «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган. «Кыргызтеплокоммунэнерго» МИ менен аталган ЖЧКнын […]Читать далее
Чек арага жакын аймактарда кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана элге жакындан кызмат көрсөтүү максатында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Достук аймактык милиция бөлүмчөсү курулду. Курулуш иштерине 4 млн сомдон ашуун акча жумшалып, анын 3 млн сому республикалык бюджеттен, калган 1 млн сомдон ашууну Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Азыркы учурда имараттын ички, сырткы бөлүктөрү бүткөрүлгөн. […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат. Контейнерлер жана жардамдар «Дордой» соода борбору, «Бишкек курулуш» компаниясы, «Азия […]Читать далее
“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде жана өнөр жайда суу берүү токтотулат. Төмөнкү чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат: – Л.Толстой – Горький көч. (Пригородное айылы) – Алыкулов […]Читать далее
Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБнин улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында […]Читать далее
«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча 6-ББнын кызматкерлери менен биргеликте Арка-Маргун унаа жолунда бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюга жана аныктоого багытталган бажы контролун жүргүзүүдө, КР жараны «Х.Б.А.» башкаруусунда «Мercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын жүк бөлүгүнөн 428 кутудагы […]Читать далее
Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт. Суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Төмөнкү […]Читать далее
Бүгүн, 12-Октябрь күнү Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестиваль болуп өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, өлкөнүн бардык облустарынан келген райондордун өкүлдөрү жана Россия, Өзбекстан ошондой эле Белоруссиядан келген коноктор катышты. Чыгармачыл, кесипкөй балдар ар кандай кол эмгектерин элге көрсөтүп, кантип жасагандарын […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларда жууп-тазалоо жүргүзүштү. Жумушка 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды. Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.Читать далее