Ноокендин Достук айыл аймагына заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду

 Ноокендин Достук айыл аймагына заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду

Чек арага жакын аймактарда кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана элге жакындан кызмат көрсөтүү максатында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Достук аймактык милиция бөлүмчөсү курулду. Курулуш иштерине 4 млн сомдон ашуун акча жумшалып, анын 3 млн сому республикалык бюджеттен, калган 1 млн сомдон ашууну Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

Азыркы учурда имараттын ички, сырткы бөлүктөрү бүткөрүлгөн. Ичинде нөөмөт бөлүмү, административдик камера, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү каралган.

Связанный пост