Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестивалы уюштурулду

 Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестивалы уюштурулду
Бүгүн, 12-Октябрь күнү Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестиваль болуп өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, өлкөнүн бардык облустарынан келген райондордун өкүлдөрү жана Россия, Өзбекстан ошондой эле Белоруссиядан келген коноктор катышты. Чыгармачыл, кесипкөй балдар ар кандай кол эмгектерин элге көрсөтүп, кантип жасагандарын тааныштырды.
Аталган фестиваль 3 күн бою уланат жана балдардын ойлоп табуучулук ишмердүүлүгү даңазаланат. Өкүлдүн орун басары Зиядин Жамалдиновдун атынан жаш ойлоп табуучуларды жана жаш илимпоздорду куттуктап, Креативдүү технологияларды жайылтууда быйыл Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарбынан 2 400 000 сом акча бөлүнүп, ага Кара-Суу районунун Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-гимназиясына «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылганын билдирди.

Связанный пост