Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

 Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

17-октябрдан 21-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3901-чакырымы),  кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМдин жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.

30-40тан ашык унаанын топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Связанный пост