Шаардыктардын коопсуздугу жана борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз туташкан зымдарды кесүү иштери уланууда. Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз тартылган зымдарды текшерүүгө алган. Бул жолу Эмен сейил багындагы зымдар алынды. Негизинен мыйзам бузуулар батуттардын электр жарыгына, ошондой эле балмуздак жана суусундуктарды сатуучу жайлардын уруксатсыз […]Читать далее
Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Алсак, Чолпон-Ата […]Читать далее
Ош облусундагы Ленин чокусунда Россиянын эки жараны сууктан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, 28-августта милицияга Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 миң 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы В.Г. жана 41 жаштагы Ш.В. аттуу жарандары каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө […]Читать далее
Бишкекте жаңы окуу жылына карата ачылуусу пландалган 15 мектептин үчөө даяр. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок. Курулушка республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралган. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, 1-сентябрга үч мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр, калган 12 окуу жайды 15-сентябрга чейин […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жай мезгилинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө турган балдар, багып алуучу үй-бүлөлөр, жетим балдар жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн Ысык-Көлдө акысыз эс алууну уюштурду. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 448 бала жана өспүрүмдөр “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алышты. Дагы […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосу министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда өттү. Ведомстводон билдиргендей, саптык кароо 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. “Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби […]Читать далее
2022-жылдын 27-августунан тарта Бишкек-Исламабад-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы аткарат. Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат.Читать далее
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов социалдык объектилердин курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Курманжан-Датка МАБынын 222-223-кварталындагы спорт залы бар 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Учурда имараттын ички иштери бүткөрүлүп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ж.Азимов мектептин ички жасалгалоо процессин тездетип, ишти бекитилген графикке ылайык аткарып, жумуштун сапатына өзгөчө […]Читать далее
КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсийдин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов даанышмандыгы жана илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду. Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү максатында Иса Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинен, Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин ишкананын логотиби түшүрүлгөн жаңы таштанды челектерин орнотту. Биринчи этапта 40 урна жасалды. Алар жолдун эки тарабында тротуарларды бойлой 20дан орнотулган. Орнотуу үчүн 4 жумушчу жана бир атайын техника тартылган. Читать далее