Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тынчтык протоколуна Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койгон. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу максатында тараптар ортосунда […]Читать далее
Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. “Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек […]Читать далее
Баткен облусунун бийлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баш болуп эки тараптуу кыргыз-тажик ок атышууну токтотуу, жана кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды камсыздоо боюнча иштерди улантууда. КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, чек арага жакын аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Ташиев тажик кесиптеши менен тыгыз байланышта […]Читать далее
Биз жоокерлерибизди жоготтук, бирок мекенди сактап кала алдык, – деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев. УКМК башчысы бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү экендигин белгилеп, бардык кыргызстандыктарга көңүл айтты. Ошондой эле ал кыргызстандыктардан, каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурап, көзүнө жаш алды. “Мындай кыйын күндөр дагы өтөт. Бардык каза болгон жарандардын, жоокерлерлердин […]Читать далее
Баткен окуясына байланыштуу Финансы министрлиги республикалык бюджеттен 497 млн 60 миң сом бөлдү. Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди. Анын айтымында, бул сумма жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого багытталды. “Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана облустун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына […]Читать далее
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 20-сентябрда саат 9.00дөн 20.00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Төмөнкү көчөлөрдө суу болбойт: Ахунбаева-Айни-Жунусалиев көчөлөрү -Ч.Айтматов проспектиси. Шота-Руставели көчөсү №48 дареги боюнча өрт гидранттарын алмаштыруу жана кум каптоочуну орнотуу иштерине байланыштуу муздак суунун убактылуу өчүрүлөт. Ошондой эле төмөнкү мекемелер суу токтотулат: – […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү […]Читать далее
Бүгүн, 19-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жараат алып, Ош облустук аймактык ооруканасында жана Ош облустук балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жарандардан кабар алды. Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Бакыт Төрөбаев жана Зиядин Жамалдинов жарандар жана балдар менен баарлашып, мамлекет тарабынан колдоо жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Кадырман калайык-журтум! Кымбаттуу мекендештер! Ата Журттун башына кыйынчылык келсе бир муштумдай бириккен бийик наркы бар эл экенибизди ар дайым далилдеп келатабыз. Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким […]Читать далее
Тажикстандын кол салуусунан Баткенде жалпы 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен шаары, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүргүзүлүүдө. “Жалпы 282 турак жай, үч стратегиялык объект, тогуз социалдык объект, 300гө жакын чарба курулуштар, жашоо-тиричилик камсыздоо объектилери талкаланып, өрттөнгөн. Бул сандар […]Читать далее