Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

 Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тынчтык протоколуна Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койгон.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу максатында тараптар ортосунда куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду.

“Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост