Камчыбек Ташиев: “Биздин жоокерлер мекенди, анын бүтүндүгүн сактап калды”

 Камчыбек Ташиев: “Биздин жоокерлер мекенди, анын бүтүндүгүн сактап калды”

Биз жоокерлерибизди жоготтук, бирок мекенди сактап кала алдык, – деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев.

УКМК башчысы бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү экендигин белгилеп, бардык кыргызстандыктарга көңүл айтты. Ошондой эле ал кыргызстандыктардан, каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурап, көзүнө жаш алды.

“Мындай кыйын күндөр дагы өтөт. Бардык каза болгон жарандардын, жоокерлерлердин туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Мен балдарымды, жоокерлеримди жоготтум, бирок биз мекенибизди сактап кала алдык. Биз мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бүгүнкү күндөгү бардык чек арасын өз калыбында сактап калдык. Бардык жоокерлерге, баатырларга таазим кылам. Ар бир жоокер өзүнүн өмүрүнүн эли-жерине арнады”, – деп белгиледи Ташиев.

Ал кошумчалагандай, чек ара аймагында абал оор, бирок туруктуу, учурда оор техникаларды чек арадан туруктуу жайгашкан жерине алып чыгуу процесси жүрүүдө.

Связанный пост