2023-жылдын 29-мартында Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак калаасындагы жаңыланган шаардык парк салтанаттуу түрдө ачылды. Паркта жолдору оңдолуп, балдар аянтчасы, дарбаза, коомдук даараткана курулган. Сейилдөөчү жайдын аймагында видео байкоо тутуму иштемекчи. Калаанын паркы демилгелүү тургундардын, шаардык кеңеш, мэрия, аймактагы ишкерлер жана USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун алгылыктуу аракеттеринин аркасында жаңыртылды. Көк-Жаңгак шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Өмүрбек Мамытов сейил бактын […]Читать далее
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы энергетика объектилеринде селге каршы иш-чараларды
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучунун алдын ала баштады. Суу ташкындарын болтурбоо максатында иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана электр жабдууларынын зыян тартуусун алдын алат. Планга ылайык төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт: Көмөкчордондордо: – көмөкчордондордун айланасында дренаждык каналды куруу; – учурдагы дренаждык жана сел каналдарын тазалоо; […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти тарабынан рейд өткөрүлдү. Муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен бирдикте кыймылдуу курамдын техникалык абалын, санитардык нормалардын сакталышын, жол каттамдар схемасындагы аялдамалардын аталыштарынын туура жазылышын, пландуу чыгуунун, кыймылдын интервалынын жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышын текшеришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында одоно эреже бузууларга жол берген айдоочуларга түшүндүрүү иштери […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү коммуналдык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардын бардык кичи райондорундагы жашылдандыруу жана ирригациялык тармактардын абалы менен таанышты. Мэр ирригациялык системалардын жана жашыл аянтчалардын абалына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга МАБдар менен биргеликте эки жуманын ичинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо жана зарыл болгон жерлерге арыктарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. “Шаар ичинде […]Читать далее
Бүгүн, Жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаевтин тапшырмасына ылайык облус аймагында кооптуу аймакта жашаган тургундар массалык түрдө коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин талабы болууда. Көчүрүү иштерине Жарандык коргоону башчысынын орун басары […]Читать далее
Оңдоо-курулуш иштери 90% га бүткөрүлүп, жарык берүүчү тирөөчтөр карама-каршы орнотулуп, электр энергиясы өткөрүлөт. Коопсуздук камерасын орнотуу да планда бар. Учурда толугу менен Бишкек санитардык полигонунун түштүк жана чыгыш тарабынан тосмо орнотуу аяктады, иш батыш бөлүгүндө улантылууда. Тосмо орнотулгандан кийин, полигондун периметри боюнча тротуарды төшөө иштери башталат. Топурактын көлөмүн азайтуу жана тигүү калдыктарын утилдештирүү үчүн жабдуулар […]Читать далее
“Учкун” басмаканасында ID-card, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт
Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасын койгон. Басмаканада буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет. Учурда “Учкунга” чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери […]Читать далее
Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты. Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.Читать далее
Муниципалдык кызматкерлер үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” жана “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу курстар уюштурулууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер үчүн 3 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген темада окуу курстарды өтүүдө. Ошондой эле […]Читать далее
Бишкектин бир катар көчөлөрүнө жер алдына киргизилген таштанды контейнерлер орнотулду. Капкагы атайын жыт чыгарбоочу резина менен чапталган. Мындай контейнерден жалпы 20 даана. Алар шаардын төрт жерине коюлат: Разаков, Токтогул, Бөкөнбаев, Эркиндик көчөлөрундө. Эми таштандылар контейнерден ашып, тегереги чачылган көрүнүшкө бөгөт коюлат. Тазалыктын жумушчулары да бул ыкма алардын иштешине ыңгайлуу экенин айтышат. Мындай ыкмадагы таштанды чогултуу […]Читать далее