Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда

 Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушууда.
Жыйында, тургундар жеке көйгөйлөрүн айтышып, бийлик органдарына, прокуратура жана ички иштер органдарына арыз-кайрылууларын жолдошту. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроолорду беришти.
Башкы прокурор өз сөзүндө, эл менен болгон жолугушуулар Президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, эч бир арыз жоопсуз калбастыгын, мыйзам чегинде гана чечилээрин билдирди.
Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп, 300дөн ашуун жаран катышууда.

Связанный пост