Кыргызстан бал продукциясын Кытайга экспорттой алат

 Кыргызстан бал продукциясын Кытайга экспорттой алат
14-ноябрда Кыргызстандан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоо боюнча официалдуу уруксат берилди.
КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.

Связанный пост