Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү ташылып келүүдө

 Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү ташылып келүүдө

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Учурда 64 жарым вагон кѳмүр түшүрүлдү, ал эми 65 жарым вагон  жолдо келе жатат. Кѳмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мѳѳнѳттѳ график боюнча жүргүзүлѳт.

Ишканадан белгилешкендей, ошондой эле азыркы учурда “Каражыра” АКынын разрезинен 65 жарымвагон кѳмүр жүктѳлүп жатат.

“Бишкек ЖЭБинде кѳмүрдү пайдалануу боюнча талдоо жүргүзүлүп, техникалык жана экономикалык бѳлүгү бааланган”, – деп белгилешти ишканадан.

Бишкек ЖЭБинин аймагында бүгүн, 18-ноябрга карата 172 миң тоннадан ашык кѳмүр бар. Бир суткалык чыгым болжол менен 7,2 миң тоннаны түзѳт.

Белгилей кетсек, “Электр станциялары” ААКы “Каражыра” АКы менен бир тонна үчүн 53,45 АКШ доллары баасында 400 миң тонна ѳлчѳмүндѳ Д маркасындагы импорттук кѳмүрдү жеткирүүгѳ келишим түзгѳн.

2021/2022- жылдардын күз-кыш мезгилинде “Каражыра” АКысы Бишкек шаарынын ЖЭБинин дарегине 643 миң тонна өлчѳмүндѳгү Д маркасынедагы импорттук кѳмүрдү жеткирүүнү жүзѳгѳ ашырган.

Связанный пост