ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды

 ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды
ИИМдин Ички аскерлеринде жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин Ички аскерлеринин басма-сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда.
Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Чакыруу Ички аскерлердин 7706 аскер бөлүгүнөн (Кара-Көл шаарынан) башталды.
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт.

Связанный пост