Жыл башынан бери Кыргызстанда 2,3 миң адам ишке орноштурулган

 Жыл башынан бери Кыргызстанда 2,3 миң адам ишке орноштурулган
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2,3 миң адам ишке орноштурулган.
Дагы 1,5 миң адам кесиптик окутууга жиберилген, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. Окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде – медициналык айым, компьютердин оператору, Ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрист, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширеткич, слесарь-сантехник кесиптеринде өткөрүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыл башында Кыргызстанда экономикалык активдүү калк 2,6 млн адамды, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 97,8 миң адамды түзгөн.
Республика боюнча жумушсуздуктун расмий деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 2,8% ын түздү.
Ошол эле учурда жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкекте (1,2%) жана Чүй облусунда (1,4%) белгиленген.

Связанный пост