Санариптик кол тамга алуу үчүн 130 миңден ашуун адам кайрылган

 Санариптик кол тамга алуу үчүн 130 миңден ашуун адам кайрылган

КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Булут” технологиясы аркылуу түзүлгөн электрондук колтамга ээлеринин саны өсүп жаткандыгын билдирет. Эгерде өткөн жылдын 31-мартына карата маалыматтар боюнча өлкөдө болгону 70К жакын колдонуучу болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 290К жетти.

Кварталдык статистикага ылайык, өткөн жылдын 1-кварталында электрондук колтамганы алуу үчүн болгону 16 027 кайрылуу болгон болсо, үстүбүздөгү жылы алардын саны 130 161ди түзгөн.

Биринчи жолу электрондук кол тамганы алуу үчүн КТБ, жарандык жана санариптик билим берүү борборлоруна, салык органдарына жана айрым коммерциялык банктарга кайрылса болот. Электрондук кол тамга стандарттуу 12 айлык колдонуу мөөнөтү менен акысыз берилет.

Электрондук колтамганын жарактуу мөөнөтүн узартуу үчүн колтамга ээлери эч жакка кайрылбастан, аны онлайн режимде узартып алса болот. Ал үчүн https://esia.tunduk.kg – шилтемесини кирип жана жеке номерди жана сырсөздү киргизүү жетиштүү. Система электрондук колтамганы кантип туура узартуу керектигин билдирмелер аркылуу айтып берет.

Электрондук колтамганын болушу жарандарга https://portal.tunduk.kg – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жана “Түндүк” тиркемесинин кызматтарынан пайдаланууга мүмкүндүк берип, санариптик документтерине жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Связанный пост