Баткенде катуу шамал бир нече турак үйдүн чатырын учуруп кетти

 Баткенде катуу шамал бир нече турак үйдүн чатырын учуруп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айылында 3 турак үй, 1 убактылуу жашоочу үй (времянка), 2 сарай,1 гараждын шиферин шамал учуруп кеткен.

Жерине Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жумуш алып барууда.

Связанный пост