Жарандар 24-июлга чейин мурдагы жылдары тапшырган салык декларацияларынын негизинде социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арыз берүүгө укуктуу экендигин Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Мындай мөөнөт Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу белгиленген. Салык кодексинин 196 жана 197-беренелерине ылайык, салык төлөөчүлөр […]Читать далее
“Энерджи Буйга” ЖЧКсы тарабынан Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна кубаттуулугу 400 кВТ.ч болгон “Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди. Ачылыш салтанатына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев катышып, өлкөбүздө чакан ГЭСтерди куруу кызуу жүрүп жаткандыгын билдирип, энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу, электр энергиясына болгон […]Читать далее
Бүгүн, 12-июнда КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси менен бир катар министрликтер менен ведомстволордо иштеген балдар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чара Эл аралык эмгек уюму тарабынан түзүлгөн 12-июнда белгиленүүчү Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында уюштурулган. Бул күнү үч министрлик менен ведомстводо 24 иштеген бала топторго […]Читать далее
“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900,0 млн сом өлчөмүндө финансылык каражаттар каралган. 2023-жылы каралган каражаттардын ичинен КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине КР Министрлер Кабинетинин 06.06.2022-жылдагы №299 токтомуна ылайык подрядчы «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан келген алгачкы каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты. Бүгүн, 2023-жылдын 11-июнунда Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учак келип конду. Мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат. Сеулга […]Читать далее
Борбор калаада Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы аянт ачылды. Аянттын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимовдун, Ленин районунун акими Муратала Тагаевдин жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда өттү. Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын […]Читать далее
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты. Диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 линиялык метр траншеяларга 856 метрге жакын түтүкчөлөр төшөлүп, ага катарлаш курулуш объектисинде топуракты […]Читать далее
Бүгүн, 10-июнь күнү өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке Ош шаарынын мэриясынын, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгып, жалпысынан 20 000 ден ашуун адам катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар, билим берүү жайлары өздөрүнө бекитилген аймактарда чөптөрдү оруу, арыктарды тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы таштандыларды, арыктарды тазалоо, өсүп кеткен […]Читать далее
Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинин 129+500-чакырымынан тартып, 129+750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө жолдорду оңдоо иштери бүгүндөн баштап, 30-июнга чейин уланат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. ЖКККББ туннель ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жолдо жүрүүдө жол кыймылын […]Читать далее
2023-жылдын 9-июнунда ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды жана анда анын келишинин урматына 2003-жылдагы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө ЮНЕСКОнун конвенциясынын 20 жылдыгына жана «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтигинин адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилгендигинин он жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду. Одрэ Азуле экспонаттар менен таанышып, 2017-2021-жылдары адамзаттын […]Читать далее