Борбор калаанын мэри Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты.

 

Диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө.

 

Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 линиялык метр траншеяларга 856 метрге жакын түтүкчөлөр төшөлүп, ага катарлаш курулуш объектисинде топуракты толтуруу иштери жүрүп жатат.

 

Учурда 856 метр суу түтүгүн тартуу иштери аяктады. Бардыгы болуп 10 даана атайын техника тартылган, анын ичинен 3 даана “Тазалык” ишканасынан 3 даана (2 фронттук жүктөгүч, 1 даана грейдер)

 

Белгилей кетсек, бул Арча-Бешик конушунун ылдыйкы бөлүгүн кошумча суу менен камсыздоо, ошондой эле суу менен камсыздоо боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү бул конуштагы үчүнчү суу линиясы.

 

Шаар башчысы суу чарба тармагына курулуштун мөөнөтүн тездетүүнү тапшырды.

Связанный пост