Ош шаарында ишембиликке 20 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн, 10-июнь күнү өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке Ош шаарынын мэриясынын, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгып, жалпысынан 20 000 ден ашуун адам катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар, билим берүү жайлары өздөрүнө бекитилген аймактарда чөптөрдү оруу, арыктарды тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы таштандыларды, арыктарды тазалоо, өсүп кеткен чөптөрдү оруу жумуштары аткарылды.

Ишембилик учурунда шаар ичинен 2300 м3 таштанды чыгарылып, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканалары тарабынан атайын техникалардын жардамы менен арыктар ылай-топурактан тазаланып, орулган чөптөр ташылып чыгарылды.

Связанный пост