Төө-Ашуудагы туннелдин ичинде жолдорду оңдоо иштери уланууда

 Төө-Ашуудагы туннелдин ичинде жолдорду оңдоо иштери уланууда

Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинин 129+500-чакырымынан тартып, 129+750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө жолдорду оңдоо иштери бүгүндөн баштап, 30-июнга чейин уланат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

ЖКККББ туннель ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөргө байланыштуу жолдо жүрүүдө жол кыймылын алдын ала пландап алуу керектигин эскертет.

Буга чейинки чектөөлөр күчүндө. Алар ;

-05:00дөн, 08:00гө чейин;

-10:00дөн, 12:00гө чейин;

-14:00дөн, 16:00гө чейин.

Связанный пост