Бүгүн, 29-июнда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын заманбап аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул пунктта чет мамлекеттерден келген туристерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Жарандар бөлүмдөргө барып отурбай […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары министирлигинин тапшырмасы менен Ысык-Кɵл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери туристтик мезгилде, Ысык-Көлдүн жээгинде экономикалык пайда көрүү максатында жарым-жартылай эркин шартта кармалган жырткыч куштарды аныктоо боюнча (шумкарлар, бүркүттөр,) рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тиешелүү иш кагаздары жок куштарды кармаган жарандардын куштары алынып 10 даанасы жапайы жаратылышка коёберилди жана айрымдарына эскертүү берилип жакынкы арада тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Куттуктоо сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, элдин ден соолугу – мамлекеттик саясатта негизги артыкчылык экенин билдирди. “Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө дени сак элдин көп болушу маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Президент кабыл алган […]Читать далее
Борбор калаада курулуп жаткан бала бакчаларга пресс-тур өткөрүлдү. Журналисттер конуштардагы бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Биринчи объект Калыс-Ордо конушу болду, анда 140 орундуу жана 7 тайпага ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталган. Имараттын аянты 1390 м2, аянты 0,68 га. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 29-июнда, 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин ачылыш аземине катышты. Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө белгилегендей, бул иш-чара өткөрүлгөн жылдар аралыгында, эл аралык жарманке Кытай менен чет мамлекеттердин ортосундагы соода жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн Батыш Кытайдын маанилүү аянтчасы болуп калды. Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири […]Читать далее
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов жана шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү кесиптин ар бир өкүлүнүн калктын саламаттыгын чыңдоого кошкон […]Читать далее
Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бригада бордюрларды орнотууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда. Ошондой эле, бардык иштер аяктагандан кийин Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат . Ал жерге таман таштар […]Читать далее
28-июнда өткөн «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. “Мурас шырдагы” номинациясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калыковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты […]Читать далее
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Солнышко” эс алуу жайында 2023-жылдын 26-июнунан 2-июлга чейин “Менин мекеним – Кыргызстан” аттуу балдардын XV чыгармачылык фестивалы өтөт. Маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан таланттуу окуучулар катышат. Фестивалдын максаты – жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, жаш жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу, маданий-эстетикалык табитке, улуттук асыл-нарктарга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Форумга Сычуань провинциясынан 100дөн ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кириш сөзүндө Мамлекеттик катчы иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле Мамлекет башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу […]Читать далее