Бүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда. Иш-чарага бүгүн расмий […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө
Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү максатында, Ысык-Көл облусунун Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” стационардык аппараттык-программалык комплекссин ишке киргизди. Түшкө чейин бул аппараттык комлексстин жардамы менен ЖКККББнын […]Читать далее
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 30-июнунда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Тамчы багыты боюнча 71 жүргүнчүсү менен «Ысык-Көл» аэропортуна конду. Ошондой эле Тамчы-Алматы багыты боюнча кайрадан 30 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына 2 жолу аткарылат – жума жана дүйшөмбү күндөрү.Читать далее
Свердлов районунда аким Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, ички иштер башкармалыгынын жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзамсыз жерди уруксатсыз басып алуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жыйын өттү. Тиешелүү кызматтар тарабынан аткарылып жаткан иштерге карабастан, жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу фактылары аныкталууда. Комиссиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы […]Читать далее
«Ош базары» соода базар комплексинин аймагында башаламан соодага каршы мобилдик топ ишин улантууда. Алсак, 2023-жылдан баштап «Ош базары» СБК аймагында Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, «Тазалык» мугиципалдык ишканасы менен биргеликте 89 рейддик иш-чара өткөрүлүп, башаламан сооданы жайылткан 154 объект (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды. 23 […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынарын эскертет. Демек, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.Читать далее
Баткен шаарында шаар мэри Имамназар Бурханов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды. Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр муктаж жарандар үчүн таратылып берилет. Бүгүн да бир канча муктаж жарандарга акысыз азык-түлүк таратылганын казыяттан маалымдашты. Фуркат Авлиёевдин […]Читать далее
Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353- буйругунда белгиленгендей, уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, […]Читать далее
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бүгүн, 2023-жылдын 30-июнунда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын беш айында кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу, алдын алуу жана кошумча уюштуруу иш-аракеттери жөнүндө маселелер каралып, бул багытта аткарылып жаткан ар тараптуу […]Читать далее