Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Беларусь Республикасынын Полоцк шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Биргелешкен коллегиясынын 42-отуруму болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун жана Казакстандын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен коллегиясынын 42-отурумунда жеке колдонуу үчүн транспорт каражаттарынын тизмесин толуктоо маселелери, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Сыйлоо аземи 3-июлда Салык кызматынын имаратында Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү. Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2023-жылдын 5 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп […]Читать далее
Шаар аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилиштерине газон өстүрүлөт. Бүгүнкү күндө Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан газон өстүрүлө турган жер аянттарынын орду даярдалып, отоо чөптөрдөн тазаланды. Жакынкы күндөрдө газон эгүү иштери жүргүзүлөт.Читать далее
2023-жылдын 1-июлунан тарта №85 кесиптик лицейдин базасында “Келечек” жайкы лагери өз ишин баштады, мында 300 бала эс алат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттуктап, аларга эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүүнү каалады. “Баланын толук кандуу өнүгүүсү жана калыптануусу үчүн жайкы эс алуунун мааниси чоң. Балдар үчүн […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек жана Баткен шаарынын ишкерлеринин онлайн бизнес жолугушуусу өттү. Иш-чараны Бишкек жана Баткен шаарларынын мэриялары уюштуруп, ага Венгрия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун, Кепилдик фондунун өкүлдөрү, Бишкек жана Баткен шаарларындагы кичи жана орто бизнестин ишкерлери катышты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 201 тескемеси менен Бишкек шаарынын мэриясына Баткен шаарынын мэриясына […]Читать далее
2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка […]Читать далее
Кыргыгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 3-июлунан 6-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону ӨКМ сунуштайт.Читать далее
КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген. Мындан улам Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдөн 5 куткаруучу АК унаасы менен издөө […]Читать далее
1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду. Түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды. Утушка “Салык чек” тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID– номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы […]Читать далее
Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” аттуу фестиваль бүгүн, 2-июлда жыйынтыкталып, республикалык жана облустук ар кандай номинациядагы сынактарда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын […]Читать далее