2023-жылдын 1-июлу бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн өтө маанилүү окуя менен эсте калаары шексиз – бул күнү Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо ойнотулат. Негизги байгелерден тышкары, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат. Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот. Алардын арасында Кайрат Примбердиев, Каныкей, “Инсан” тобу, Эркин […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Буга төмөнкү товарлар кирет: – ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган); – электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404); – бир корпустагы никотин суюктугу […]Читать далее
Нарында өткөрүлгөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалына Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Иш чарага 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду. Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы башкы башкармалыктын орун басарлары, бөлүм башчылары жана жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн катышуусунда 5 айдын ишмердүүлүгүн кароо боюнча аппараттык онлай кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда, күн тартибине негизги маселе катары жыл башынан тартып, катталган жол унаа кырсыктары анын ичинен өспүрүмдөр катышкан жол унаа […]Читать далее
Түп районунун Каркыра жайлоосунун Чар-Кудук жана Чоң-Сары Кыр аймагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жайлоо бала бакчалары түзүлүп, 27-июндан баштап ишин баштады. Бала бакчалардын ачылыш иш-чарасына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, эки жылдын ичинде республика боюнча 12,8 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишимге кол коюшкан. Аталган долбоор КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгондордун деңгээлин жогорулатуу, чакан ишкерликти өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Мамлекет менен социалдык көзөмөл түзгөн үй-бүлөлөр алган 100 миң сомго чакан нан […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйын өткөрүп, анда жерлерди трансформациялоо маселелери талкууланды. Алсак, Министрлер Кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду. Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү […]Читать далее
28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат. Ошондой эле, 1 миңден ашык […]Читать далее
2023-жылдын 20-июнунда Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн. Бул 33 жаштагы Чъй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана […]Читать далее
2023-жылдын 22-июнь күнүнөн тартып Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Ноокат районунун аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган райондун Гулистан, Абдулхай Мирмахмудов жана Төрөбай Зулпуев атындагы айыл аймактарда каналдардын, дренаждардын жээктеринде, айдоо жерлердин четинде жапайы өскөн кара куурайлар жулунуп, атайын белгиленген калктуу […]Читать далее