Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Алайку өрөөнүнө болгон иш сапарынын алкагында облустун билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү приоритети болгон жаңы мектептердин курулушу менен таанышты. Облус башчысы иштин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле ишти жайлата турган айрым кемчиликтерди терең карап чыгууну тийиштуу жетекчилерге тапшырды. “Президентибиз Садыр […]Читать далее
2-августта Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагынын Кең-Суу, Байзак айылындагы Узун-Сай коктусунан кыска мөөнөттөгү жаандын кесепетинен сел агып түшүп, турак үйлѳрдү, айдоо аянттарын жана ички чарбалык кѳпүрѳлѳрдү каптаган. Райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана Түп району боюнча ƟК бѳлүмүнүн кызматкерлери жааган жаандын кесепетин жоюу максатында жеринде ыкчам иштерди түнү менен аткарышкан. Жерине тартылган күч- каражаттарга […]Читать далее
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы өрт кырсыгы болгон Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды. Белгисиз жагдайда билим берүү мекемеси толугу менен күйүп кеткен, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн катышуусунда тез арада аймактагы билим берүү инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча жеринде талкууланды. Эльчибек Джантаев өрттөлгөн билим уясынын жанына […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлүп берилген Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты. Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча […]Читать далее
Бүгүн, 3- август күнү Бишкек шаарында “Пекиндин көрүнүктүү тасмаларынын жана телесериалдарынын чет элдик көргөзмө сезону” өттү. Кыргызтан, Кытай кызматташтыгынын алкагында өткөрүлгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кинематогрфия департаментинин директору Акжолтой Бекболотов Кыргызстандагы медиа тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты. Министрдин орун Чыңгыз Эсенгул уулу министр Алтынбек […]Читать далее
КР Финансы министри Алмаз Бакетаев иш сапарынын алкагында Баткен облусунда курулуп жаткан бир катар объектилерди кыдырды. А.К. Бакетаев каржы ресурстарын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жолдордун жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Министр өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн социалдык объектилердин курулушун көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. А.К. Бакетаев белгилегендей, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана мектеп, […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын 3-августундагы №66 буйругунун негизинде аталган айылдарга “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт […]Читать далее
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунда курулуп жаткан 180 орундуу, 2 кабаттуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Учурда иш 90% бүтүп, жерди көрктөндүрүү иштери башталды. Андан соң, аким №26 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 1442 […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын автопаркында жаңы автобустар үчүн даярдыктар кызуу жүргүзүлүүдө. Ишкананын базасында 300 даана эски Ясин автобустары аукцион аркылуу сатылды. Эски автобустардын бардыгы алынып салынып, сатылган автобустардан чыккан таштандыларды чыгарылып, учурда эски асфальтын сыйруу иштери аткарылууда. Мындан тышкары ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу уланууда. Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин, тышкы […]Читать далее
Министрликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун абасынын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.Шамыралиевдин төрагалыгы алдында ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму болуп өттү. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы түтүн маселесин натыйжалуу чечүү үчүн ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Жыйындын жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасы […]Читать далее