31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда “Жибек Жолу” бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын музей фонду көбөйүүдө. Жарым жыл ичинде ар кандай багыттагы 212 музей буюму менен толукталды. 2023- жылдын жарым жыл ичинде 48 музей буюму калыбына (реставрация) келтирилди. Жалпы музейлер тарабынан 373 998 жаран кабыл алынып, жалпы 223 көргөзмө уюштурулду. 212 ар кандай багыттагы жаңы музей буюму менен толукталып, заман талабына ылайык, 3 800 музей буюму […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан (Автобекеттин жаны) 8200 чарчы метрди түзгөн скверди реконструкциялоо иши башталды. Алдыда паркка таштаман төшөлүп, жарыктандыруу, отургучтар орнотулуп, оргума (фонтан) курулат. Мындан сырткары, декоративдик бак-дарактар отургузулуп, газон себилет. Сквердеги курулуштар октябрь айына бүткөрүлөт. Реконструкциялоо иши жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.Читать далее
Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, токтотулду. Шаардык прокуратуранын жана КРнын Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук […]Читать далее
27-июлда Бишкекте XVII Эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды. Жыл сайын фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ жана Мексикадан чеберлер келишет. Жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү катышууда. Фестивалдын максаты – маданий мурастарды […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда. Эскерте кетсек, борбордо “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыздарды кабыл алуу улантылууда. Бүгүнкү күндө документтердин толук пакетин тапшырган Биринчи май жана Октябрь райондорунун тургундарынын […]Читать далее
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама комплексине асфальт төшөй баштады. Аткарылып жаткан иштер Ленин райондук администрациясынын протоколдук буйругунун негизинде ишкананын өндүрүш планына киргизилген.Белгилей кетсек, буга чейин аталган аялдама комплексинин аймагы начар абалда болгон. Ушундай эле иштер Октябрь районундагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабында жайгашкан аялдама комплексинин […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 72-беренесине ылайык салык милдеттенмелерин аткарууда жеңилдетилген режимди пайдаланууга чакырат. Бул беренеге ылайык, салык төлөөчү салыктык текшерүүнүн же такталган салык отчетун берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул жеңилдетилген режимди пайдалануу үчүн бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылышы керек: […]Читать далее