Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу); Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өткөн жылы 2,6 миң эмгек мыйзамын бузуу аныкталып, 4,8 миллион сом айып салынган. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 171 өндүрүштүк кырсыктар иликтенген. Министрлик кырсыктардын натыйжасында 123,3 млн сом өлчөмүндө компенсация алууга жардам берди. Ошондой эле 25,9 млн сом суммасында төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди.Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз Читать далее
КР министрлер кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Тескеменин максаты Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу тескемеси социалдык маанидеги товарларга […]Читать далее
Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы болгон штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, болгон окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн. Белгиленгендей, учурда комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатат. “Мындан тышкары, ички […]Читать далее
Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды. Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өткөн жылы 2,6 миң эмгек мыйзамын бузуу аныкталып, 4,8 миллион сом айып салынган. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 171 өндүрүштүк кырсыктар иликтенген. Министрлик кырсыктардын натыйжасында 123,3 млн сом өлчөмүндө компенсация алууга жардам берди. Ошондой эле 25,9 млн сом суммасында төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйналышында сөз сүйлөдү. “Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси […]Читать далее
Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет. Алар: Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району); Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары (Чаткал району); Мырзаке – Кара-Кулжа […]Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги 2020-жылдын сентябрынан баштап Infodocs автоматташтырылган маалыматтык система (АМТ) аркылуу иштеп, электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы менен иш жүргүзүп келет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Статистикага кайрылсак, 2022-жылы 29 миң 235 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу болсо, 2023-жыл ичинде жалпы 39 миң 542 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу ишке ашкан. […]Читать далее