Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу):
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу),
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
  • Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу);
  • Түп-Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымдарында;
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымдарында;
  • Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-177, 218-224-чакырымдарында (Талдык, Тоң-Мурун ашуулары).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост