Медиааштаб: Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөр аныктала элек

 Медиааштаб: Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөр аныктала элек

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы болгон штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болгон окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.

Белгиленгендей, учурда комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатат.

“Мындан тышкары, ички ведомстволук-техникалык комиссиялар да түзүлгөн, алардын корутундуларын ведомстволук аралык комиссияга карап чыгууга берилет. Ушул күндө техникалык жана ведомстволук комиссиялардын иши аягына чыга элек, ошондуктан бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин белгилей кетишибиз абзел.

Ведомстволор аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин контролунда турат, алардын ишинин жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ЖЭБдеги кырсык үчүн күнөөнү жабыркаган жумушчуларга оодарып жатышканы тууралуу жазып чыгышкан.

Связанный пост