Минкаб социалдык маанилүү азык-түлүктүн баасын кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти

 Минкаб социалдык маанилүү азык-түлүктүн баасын кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти

КР министрлер кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тескеменин максаты Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу тескемеси социалдык маанидеги товарларга баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2024-жылы социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн мамлекеттик колдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.

Связанный пост