Аба ырайы сууктап, унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

 Аба ырайы сууктап, унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°, республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 -чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда , 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында;

– Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда;

– Красная Горка —Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 -чакырымы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;

– Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусу, 353-357-чакырымынын Кызыл-Бел ашуусу, Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымындагы Кара-Коо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси,, Арал — Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чак.;

– Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), Түп-Кеген автоунаа жолунун 51-76-чак.;

– Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110-136-чак., Ош — Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 165-177-чакырымындагы Талдык ашуусу жана Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 218-224-чакырымдарында Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост