Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан (Россия) ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки баланы мекенге кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек […]Читать далее
Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда саат 12:45те Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Эгемендүүлүк күнүнө карата болгон майрамдык иш-чаралар аяктап, терс окуялар болгон жок Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана башка ички иштер органдарынын 5000ден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылышты. Майрамдык иш-чаралар башталгандан тартып аяктаганга чейин ички иштер […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине батир тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аспек Жумашев менен Асек Урманбетовго батирлердин сертификаттарын тапшырды. Көп жылдар бою ардагерлердин турак-жай маселеси чечилбей, ушул убакка чейин […]Читать далее
Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2 миң 173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп. Жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын саны 1 […]Читать далее
Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров КП президентинин администрациясынын жаңы имараты – “Ынтымак Ордону” салтанаттуу ачуу аземине катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын маалыматына ылайык, иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт. Түз эфир башталышы болжолдуу — 20:20.Читать далее
30-августта Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы болду. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка орто мектеп-гимназиясынын 500 орунга ылайыкталган кошумча имаратынын ачылышына катышса, министрдин орун басарлары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы […]Читать далее
Бишкек шаарында 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат. Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт. Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин Жол […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынгандыгын маалымдайт. Анын ичинен: * Ош мамлекеттик университетине – 11 абитуриент, * И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8, * Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5, * И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине – 4, […]Читать далее
Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 7 обьекттин ачылыш аземи онлайн режимде өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков Камбар-Ата-1 ГЭСинин туннелинин толук казылып бүткөндүгүнө күбө болушту. Туннелдин бургулоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Ал эми энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов […]Читать далее