Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин визаларын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында төмөнкүлөрдү билдирет. Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык саясатын кайрадан карап чыгып, Пакистанга бизнес жана туристтик максатта бара жаткан жарандар үчүн визаларды алуу жол-жоболорун жеңилдетти. Жаңы визалык саясатка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары туристтик […]Читать далее
Мектептердин айланасында жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү орто мектептер жайганкан көчө-жолдорго жеринен кароо иштерин жүргүзүп, аныкталган кемчиликтердин баарын окуу жылынын башталышына карата орундатты. Тагыраагы өлкөнүн баардык мектептердин айланасына керектелген 3.24 “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жана жөө өткөөл жол белгилери […]Читать далее
Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыя социалдык контракттын катышуучуларына бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү жана колдоо үчүн берилет. 6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучулары бизнес-планга ылайык, ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык […]Читать далее
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тоолуу аймактардагы табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, айыл чарба жана тоолуу конуштардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелери талкууланды. Тоолуу райондордогу туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү, атап айтканда, тоо азыктарын жана […]Читать далее
Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады. Узакка созулган катуу оорудан кийин 27-августта 93 жашында залкар окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильгиз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты. Ильгиз Айтматов 1931-жылы Фрунзе шаарында туулган. Эмгек жолун 1949-жылы Москва геологиялык чалгындоо институтун аяктагандан кийин Кыргыз геологиялык башкармалыгынын геологиялык […]Читать далее
Бишкекте жаңы курулган Ынтымак ордосу 30-августта ачылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат. “Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен курулган, башынан аягына чейин анын жеке көзөмөлүндө болгон жаңы Ынтымак ордо имараттын ачылыш аземи Кудай буюрса, […]Читать далее
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Атап айтсак, төмөнкү көчөлөр 31-августта жабык болот: – […]Читать далее
Ветеринардык кызмат тарабынан 7 айда тамак-аш коопсуздугу боюнча 780 субъектини текшерген. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыгына байланыштуу бир катар субъекттерге жалпысынан 485 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. “Бийик тоолорго жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мамлекеттин 3 жылда аткарган иштерин тизмектеп берди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун командасы бийликке келгенде, тактап айтканда 2020-жылы мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сом эле, өткөн жылы 577,2 млрд сомдон ашып, быйыл 2024-жылы 660 миллиардга жеткирүү планы коюлган. – Кумтөр алтын […]Читать далее