Бишкекте 1 млрд 953 млн сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу […]Читать далее
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы […]Читать далее
Ысык-Көлдөгү селден кийин 110 үй дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду айылында 6, Кашат айылында 4 жана Темир айылында 100 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле бүгүн айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. […]Читать далее
Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды. Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция […]Читать далее
Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн “Жашыл келечек жолунда” аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди. Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. “Бизнесте, саясатта […]Читать далее
Быйыл биринчи же экинчи даражадагы жарылуу коркунучуна кирген 65 көлгө изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакиев билдирди. “Бул көлдөр боюнча жер үстүнөн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бардык маалыматтар бар, кырдаал көзөмөлдө”, – деп ишендирди ал. Сакыбаев Зындан көлү тууралуу айтып […]Читать далее
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектептер бош кызмат орундарына мугалимдерди кабыл алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Билим берүү бөлүмдөрүнүн 20-августка карата берген маалыматына караганда, мектептерге 1335 мугалим керек: Бишкек шаары – 493; Чүй облусу – 292; Баткен облусу – 137; Жалал-Абад облусу – 110; Ысык-Көл облусу – […]Читать далее
2023-жылы туризм тармагындагы ишканаларда жана уюмдарда иштегендердин саны 10 миңден ашык адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Документтеги маалыматка караганда, жумушчулардын 23,3%дан ашыгы мейманкана мекемелеринде иштешет. 2023-жылы туризм тармагындагы бир жумушчунун орточо эмгек акысы 19 миң 552 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 73,9%га өскөн.Читать далее
Кыргызстанда ушул жылдын жети айында жеке ассистенттерге 763 млн 162,1 миң сом төлөнгөн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 млн сомго көп. Ведомство 1-августка карата республика боюнча 14 513 жеке ассистент бар экенин билдирет (өткөн жылы 13 468 болгон). 2024-жылдын 1-июлунан тартып жеке […]Читать далее
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуунун алкагында Монголиянын президентинин жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту. Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты. Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында […]Читать далее