Мамлекеттик бажы кызматында Беларус бажысында унаалардын топтолушу боюнча маселе талкууланды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында Беларусь бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча кайрадан жүк ташуучулар менен жолугушуу өттү. Жолугушууда учурдагы кырдаал талкууланды. Өз кезегинде бажы кызматы Беларус бажысы менен видеоконференция жана телефондук сүйлөшүүлөр форматында бир катар жолугушуулар болгонун билдирди. […]Читать далее
Жакынкы арада Кыргызстанга Германиянын бизнес-делегациянын келиши күтүлүүдө
Палатанын президенти жетектеген КР СӨП делегациясы жумушчу визит менен Германияда жүрөт. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча аймактык директорунун кеңсесине барып, ал жерден башчы Эдуард Киндсбрунер менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле кыргыз-герман форумун өткөрүү тууралуу […]Читать далее
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты. […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААКнын делегациясы 2023-жылдын 4-6-апрелинде “Жаңы дүйнө. Жаңы индустриализация” деген темада Россиянын Москва шаарында өткөн Жетинчи экономикалык форумга катышып келишти. Делегаттар бул иш-чаранын алкагында: жаңы индустриализациянын өнүгүүсү, көп уюлдуу дүйнөнүн шартында экономикалык байланыштарды түзүү боюнча маселелерди талкуулашты. Иш-чаранын уюштуруучулары талкууга ЕАЭБ шартында эл аралык экономикалык байланыштар жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди коюшту. “Кыргызиндустрия” […]Читать далее
Баткен облусунун жабыр тарткан ишкерлерине зыяндын ордун толтуруу максатында, 2023-жылга, жабыркаган ишкерлерге кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 90,3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Каржы министрлигинин Финансы-кредиттик фонддун кызматкерлери, Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып […]Читать далее
Шанхай кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында былтыр 14-сентябрда Самаркандда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Андан мурда жана кийин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзеёв, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууларында бул маселе талкууланып, үч өлкөнүн жетекчиси тең бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришкен. Ошентип, эгемендүүлүктүн алгачкы […]Читать далее
2023-жылдын I кварталында консолидацияланган бюджеттин кирешеси 109,7 %га аткарылды. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча 2023-жылдын биринчи кварталы үчүн консолидацияланган бюджеттин ресурстары 119,7 млрд сомду түздү. 2022- жылы ушул мезгилге салыштырмалуу 28,8%га же 26,8 млрд сомго көбөйгөн. Консолидацияланган бюджеттик ресурстардын алкагында 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик […]Читать далее
1-кварталда 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. План 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022–жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналды. Анын […]Читать далее
Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жана ушул жылдын 3-апрелине карата ишкерлерге 4718 кепилдик берди, анын суммасы 6,1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун сайтында маалымдалды. Өнөктөш банктар Кепилдик фондунун колдоосу менен дээрлик 20 миллиард сом өлчөмүндө кредиттерди беришти. 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан ишкердик субъекттерине күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн […]Читать далее
Бажы кызматынын алдын ала маалыматтары боюнча МБК 2023-жылдын 1-кварталында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын дээрлик 1 млрд сомго ашык аткарды. Бул тууралуу КР МБКнын басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын март айында, 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго […]Читать далее