Кепилдик фонду ишкерлерге 4718 кепилдик берди

 Кепилдик фонду ишкерлерге 4718 кепилдик берди

Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жана ушул жылдын 3-апрелине карата ишкерлерге 4718 кепилдик берди, анын суммасы 6,1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун сайтында маалымдалды.

Өнөктөш банктар Кепилдик фондунун колдоосу менен дээрлик 20 миллиард сом өлчөмүндө кредиттерди беришти.

2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан ишкердик субъекттерине күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн 804 миллион 766 миң сомдон ашык суммага 1288 кепилдик берилген. Мунун эсебинен ишкерлер 1 миллиард 964 миллион 745 миң сом насыя ала алышты.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 85%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш, транспорт жана туризм кирет.

Связанный пост