Салык кызматы планды 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарды

 Салык кызматы планды 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарды

1-кварталда 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. План 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналды.

Анын ичинде 40 млрд 40 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 499 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 3 айына салыштырмалуу 3,7 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 14 млрд 549,9 млн сомду түзүп, план 849,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,3 млрд сомго көп.

Связанный пост