Бажы кызматында Беларус бажысында унаалардын топтолушу боюнча маселе талкууланды

Мамлекеттик бажы кызматында Беларус бажысында унаалардын топтолушу боюнча маселе талкууланды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында Беларусь бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча кайрадан жүк ташуучулар менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда учурдагы кырдаал талкууланды. Өз кезегинде бажы кызматы Беларус бажысы менен видеоконференция жана телефондук сүйлөшүүлөр форматында бир катар жолугушуулар болгонун билдирди. Мындан ткышары, бул маселени эки өлкөнүн бажы кызматтарынын жетекчилери Ереван шаарында Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен коллегиясынын 41-отурумунун алкагында өткөн жумушчу жолугушууда талкуулашкан, ал эми бүгүнкү күндө унаанын топтолушу боюнча маселени чечүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Жүк ташуучулар менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жогорудагы маселени чечүү боюнча макулдашылган иштерди жүргүзүү боюнча бир пикирге келишти.

Связанный пост