Калаа башчысы Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти мырза менен жолугушту. Жолугушууда мэр Катар мамлекети менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаарынын мэриясы үчүн өзгөчө шаарлар аралык деңгээлде маанилүү экенин белгиледи. […]Читать далее
5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты. Министр Ж.Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына […]Читать далее
1-сентябрда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Ажлан Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерин, анын ичинде Сауд Арабиянын бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарын уюштурууну жана 2022-жылдын аягына чейин Бишкекте кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты. Тараптар ошондой эле эки […]Читать далее
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тарыхтагы бул өзгөчө учур бизге бир үй-бүлөдөй ынтымакта иштөө зарылдыгын эскертет. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук чек араларынан алыс болгон – COVID-19 пандемиясынан […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз. Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен […]Читать далее
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джозеф Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды […]Читать далее
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, […]Читать далее
СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачев 92 жашында каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт. Маалыматка ылайык, Михаил Сергеевич Горбачев кечээ кечинде катуу жана узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Белгилей кетсек, Михаил Горбачев Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти. Ал 1990-жылдын мартында президенттикке шайланып, 1991-жылдын 25-декабрында отставкага кеткен. Нобель сыйлыгынын лауреаты. Горбачев президенттиктен кеткенден кийин коомдук […]Читать далее
26-августта Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду. […]Читать далее