Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Др. Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту

 Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Др. Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту

7-сентябрда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Др. Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту.

Жолугушууда учурунда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясын Германияга жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоо потенциалы тууралуу маалымдады. Ошону менен бирге Элчи кыргызстандык продукциясын экспорттоо менен катар Кыргызстандын аймагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча кыргыз-герман биргелешкен ишканаларын түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Др. П.Бродерзен белгилегендей, Германия жана ЕБ өлкөлөрү Кыргызстан менен айыл чарба тармагында активдүү кызматташууга кызыкдар. Тактап айтканда, айыл чарба продукциясын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эмес, түздөн-түз Германияга жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Германиянын өндүрүүчүлөрү жана компаниялары менен байланышты түзүү жана чыңдоо боюнча макулдашуу жетишилди.

Связанный пост