Кыргызстандын «Nuctech Company Limited» кытай компаниясы менен кызматташуусу талкууланды

 Кыргызстандын «Nuctech Company Limited» кытай компаниясы менен кызматташуусу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Nuctech Company Limited» (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы республика Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Акылбек Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууну жайгарууга кызыкдар экенин билдирип, акыркы жылдары пандемияга карабастан, Кытай Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөр менен болгон соода жүгүртүүсүндө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгын кошумчалады.

«Nuctech Company Limited» компаниясынын өкүлдөрү ишкананын иши жана экономиканын ар кыл тармактарында алдыңкы технологияларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Маалымдама: «Nuctech Company Limited» компаниясы 1997-жылы Цинхуа техникалык университетинин базасында түзүлгөн жана дүйнөнүн 170 өлкөсүндө иш алып барат. Ишкана компьютердик томография, рентген нурлары, жардыргыч заттардын жана дары-дармек каражаттарынын аз өлчөмдөгү көлөмүн (издерин) анализдөө жана аныктоо, ошондой эле радиоактивдүү заттарды мониторингдөө жана идентификациялоо жаатындагы негизги технологияларга көз карандысыз интеллектуалдык менчик укугуна ээ.

Компания жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын, багаждын жана жөнөтмөлөрдүн, адамдардын коопсуздугун текшерүү, жарылуучу заттарды жана баңгизаттарды, суюктуктарды аныктоо, радиоактивдүү материалдарды көзөмөлдөө үчүн 30дан ашык продукциянын сериясын жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана технологиялык продукциянын 200дөн ашык түрүн иштеп чыккан. Компаниянын өндүрүштүк базалары Кытайда, Европада жана Түштүк Америкада жайгашкан.

Связанный пост