Аламүдүн РИИБдин жетекчиси Пакистандын элчиси менен жолукту

 Аламүдүн РИИБдин жетекчиси Пакистандын элчиси менен жолукту

5-сентябрда Аламүдүн РИИБдин жетекчиси Нурлан Эркинбаев Пакистан мамлекетинин элчиси Марван Алекс Айаш жана консулдук иштер боюнча Атташе Саддам Хусейн менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өттү. Пакистан мамлекетинин элчиси Марван Алекс Айаш Аламүдүн районун аймагында пакистандык студенттердин коопсуздугун сактоодо жана ар кандай кырдаалдарда бирге иш алып барууну белгиледи.
Жолугушууда Аламүдүн РИИбдин жетекчиси Нурлан Эркинбаев райондун аймагында пакистандык студенттердин катышуусундагы тартип бузуулар жокко эсе экендигин белгилеп, студенттер менен жолугушуулар жүргүзүлүп, чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп турарын белгиледи.
Ошондой эле чет элдик жарандардын коопсуздугун сактоодо жана аларга укуктук жардам көрсөтүү боюнча да иштер жүргүзүлөөрүн кошумчалады. Жолугушуунун жүрүшүндө дагы башка маселелер талкууланып, мындан ары тыгыз иш алып барууну белгилешти.

Связанный пост