Исландиядагы жарым аралда Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу ЖМКлар жазды. Маалым болгондой, жанар тоо Рейкьявик борборунан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. «Акыркы жолу Фаградальсфьядль жанар тоосу бир жылга жетпеген убакыт мурун атылган. АКШдагы Смитсон институтунун маалыматы боюнча, Исландия эң көп активдүү жанар тоолору бар өлкөлөрдүн арасында дүйнөдө тогузунчу орунду ээлейт. Рейтингде биринчи орунду Индонезия […]Читать далее
2022-жылы 3-августу ШКУнун Пекиндеги Катчылыгынын базасында Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин DECA жетекчилигинин жана өкүлдөрүнүн, Кытайда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун, эксперттик коомчулуктун, кытай жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азиянын Мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу тууралуу брифинг өттү. Иш-чарага Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин, Пекинде аккредиттелген дипломатиялык корпустун, Кытайдын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн […]Читать далее
11-августтан тарта Чеченстандан Кыргызстанга авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Урал авиалинии» компаниясы кабарлайт. Грозный – Бишкек – Грозный багыты боюнча каттам 2022-жылдын 11-августунан тарта бейшемби күндөрү аткарылат. Грозныйдан учуу саат 21:00дө; Бишкектен учуу саат 19:25те.Читать далее
Элчи Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрүнө презентациясын өткөрдү
2022-жылы 14-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү. Иш-чарага британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү жана консалтинг компаниялары катышышты. КРнын Элчиси У.Джусупов Улуу Британия Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү богондуктан, аны менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт […]Читать далее
13-июлда Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарынын мэринин маданият иштери боюнча орун басары Аннет Бош менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Будапешт шаарларынын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды 2022-жылы ишке ашыруу талкууланды. Элчи Кушчубеков вице-мэрди Будапешт шаарынын вице-мэри […]Читать далее
Кореяда Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын Ишкер кеңеши түзүлдү
Бүгүн, 13-июлда Сеулда кыргыз жана кореялык алдынкы компаниялардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кыргыз-корея бизнес-форум болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик потенциалы тууралуу презентация жасады. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Синдзо Абэ мырзанын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барып, мурунку Премьер-министр Синдзо Абэ мырзанын жаркын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, эскерди. «Анын көрүнүктүү саясатчы, дипломат, ачык, ишенимдүү жана боорукер өнөктөш катары жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жашайт. Бул Кыргызстан жана Япония […]Читать далее
12-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында кыргызстандыктардын “Чөйрө-2022” деп аталган эки күндүк форуму ишин баштайт. Иш-чара “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деп аталат. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер, адистер катышат. Форумда IT тармагынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошо турган салымы, маалыматтык технологиянын жана санариптик трансформациянын аялдар менен элеттик жаштарга мааниси, өлкөнү коррупциядан арылтууда журналисттердин […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: “өлкөнү өнүктүрүүдөгү басым «жашыл» өнүгүүгө, инновациялык, санариптик жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын юбилейлик форумуна, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бизнес-форумга катышты. Адылбек Касымалиев жалпы жыйында сүйлөгөн […]Читать далее