Элчи Өмүрбек Текебаев “Түштүк Кавказ жана Борбор Азия” бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Маттиас Воллерт менен жолугушту

 Элчи Өмүрбек Текебаев “Түштүк Кавказ жана Борбор Азия” бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Маттиас Воллерт менен жолугушту
10-августта Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Түштүк Кавказ жана Борбор Азия” бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Матиас Фоллерт мырза менен жолугушуусу болду. Жолугушуу убагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара визиттерди уюштуруу жана биргелешкен иш чараларды өткөрүү талкууланды.
Элчи Өмүрбек Текебаев БУУнун алкагында Кыргызстандын демилгелери тууралуу, атап айтканда “2022-жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер” тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, Элчи 2022-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында боло турган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңешме тууралуу маалымдап, герман тарапты иш-чарага активдүү катышууга жана Кыргызстандын демилгелерин колдоого чакырды.
Ошону менен бирге Элчи Өмүрбек Текебаев консулдук чөйрөдөгү маселелерди да көтөрүп, германиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган документтердин жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле Германиянын Кыргызстандагы Элчилигине виза алуу үчүн кайрылган кыргыз жарандарына тез арада документтерди тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Связанный пост