Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында Бакудагы бир катар мекемелердин иши менен таанышты

 Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында Бакудагы бир катар мекемелердин иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле  топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү «AqriBioEkoTex LLC» компаниясынын иши менен таанышты.

Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташгуу боюнча пикир алышуу жүрдү.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коомунда болуп, анын директору Зиядов Талех Мухаммед оглы менен жолугушту, ошондой эле «Алят» эркин экономикалык аймагынын иштөө принциби менен жеринде таанышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коому жана «Алят» эркин экономикалык аймагы менен  транспорт-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташтык боюнча байланыштарды жайгаруу маселеси талкууланды.

Связанный пост