Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүл чамбар койду

 Жээнбек Кулубаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүл чамбар койду

Бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды.

Тарыхый-маданий комплексте Ж.Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркия Республикасынын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.

Ошондой эле, министр Ж.Кулубаев Аныткабир күмбөзүнө барып, “Ардактуу коноктор” китебине жазуу калтырды.

Связанный пост