“Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Джусупбеков Жумгал районуна иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында «Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерип, жеринде маалымат алды. Бүгүнкү күндө, «Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалында көмүр менен иштеген “Сапарбекова 88” жана “Сапарбекова 100-101” отканаларында жана бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн шаарындагы №8 «Айла» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына катышты. Өзгөн шаарынын тургундары көптөн күткөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышынын аркасында балдарын сапаттуу билим менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ачылышта Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев сөз сүйлөп, билим берүүнүн баштапкы этабында балдарга […]Читать далее
22-августта КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл чарба штабынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйында күз-кыш мезгилине даярдык, айыл чарбасындагы оруп-жыйуу, малдын көчүп-конуусу, корук иштери жана КР Министрлер Кабинетинин №713-токтомунун аткарылышы боюнча маселелер каралды. Штабдын отурумун КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер […]Читать далее
Улуттук Кызыл Ай Коому Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Көз оорулар бөлүмүнө 2 млн. 500 миң сомдук УЗИ аппаратын тапшырды. Эми мында дарыланып жаткан бейтаптар акысыз бул аппараттан пайдалана алышат. Заманбап бул жабдык көздүн алдыңкы, арткы челин аныктоодо жардам берип, деги эле көздүн бүт түзүлүшүн ар тараптуу көрсөтүп бере алат. Буга чейин облустук ооруканадагы бейтаптар бул […]Читать далее
19-20- август Ош облусунун Сары-Ой капчыгайында ишкерлер үчүн “Көчмөн Бизнес Аянта – 2023” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясы билдирди. Иш-чара өлкөдөгү ийгиликтүү спикерлердин тажрыйба бөлүшүүсү, туризм багытында көргөзмө, улуттук оюндар, маданий бөлүктөр менен коштолду. Ошондой эле, ишкерлер ортосунду 45 кызматташуу жана сатып алуу келишимдери түзүлүп, алардын жалпы суммасы 1 000 000 миллион […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокен районунун Момбеков, Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарчасы жана Масы айылында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 17-август күнү Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылында Ички иштер министрлиги, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” эл аралык уюму кызматташтык долбоору боюнча АКШнын Элчилигинин алдындагы Баңгизат каражаттарынын эл аралык жүгүртүлүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL) боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында коомдук […]Читать далее
Ак-Тал айылындагы үй-бүлөгө Президент С.Жапаровдун атынан салынып берилген турак-жайдын документтери
Бүгүн район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Искакова Гүлзат Калыбековнага Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан салынып берилген жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады. Искакова Гүлзат Калыбековнанын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин […]Читать далее
Бүгүн Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратынын курулушунун капсуласын салуу иш чарасы болуп өттү. Иш чарага КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Сыдыков Мурадил Жанышбекович, район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич, облустук, райондук тиешелүү мекеме жетекчилери жана Ак-Тал айылынын тургундары, мектеп, бала бакчанын эмгек жамааты катышты. Ак-Тал айылындагы “Ак-Тал” бала бакчасынын имараты 1961-жылы “Ашар” ыкмасы менен жергиликтүү материалдар менен […]Читать далее
Нарында облус жетекчилиги тарабынан медицина тармагын жакшыртууга басым жасалууда. Жакында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имаратына “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 миллион сомго капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул чечим 8-августта “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Ыйгарым […]Читать далее