Ош облусунда 786 турак жай, 9 социалдык объект сел сууларынан тазаланды

 Ош облусунда 786 турак жай, 9 социалдык объект сел сууларынан тазаланды

Бүгүн, 25-апрелге карата жалпы Ош облусу боюнча 983 үйдүн, 9 социалдык объекттин бөлмөлөрүнө, жертөлөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Учурда анын 786 турак жайынын, бардык социалдык мекемелердин короосу, жертөлөсү сел калдыктарынан тазаланды. Ал эми 197 үйдүн короо-сарайлары тазаланууда.

Учурда облус аймагында райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан материалдык чыгымдар такталууда.

Жалпы Ош облусу боюнча селдин кесепеттерин калыбына келтирүү иштерине 579 жаран, 46 инженердик техника тартылды.

Белгилей кетсек, Ош облусуна табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү максатында, облус аймагына “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилген.

Связанный пост