Жалал-Абад шаарында 24-апрелде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

 Жалал-Абад шаарында 24-апрелде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарында 24-апрелде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Жалалабатгаз» газ кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Курманбек-Баатыр жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине газ кудугун орнотуу боюнча пландуу жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу эртең, 24-апрелде саат 8-00дөн 18-00гө чейин Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

 

Белгилей кетсек, аталган газ кудугу Спутник жана Кугарт кичи райондоруна газ берүүнү жөнгө салуу үчүн керек.

 

«Жалалабатгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Связанный пост