Бүгүн Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулушу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган оорукананын имаратынын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. «Президентибиз Садыр Жапаровдун жана […]Читать далее
Бүгүн, 3-мартта Ош облусунда КР Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат өттү. Иш-чарага Араван районунда өкүлдүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев, Кара-Суу районунда Иляз Ташбаев, Ош шаарында Талантбек Арстанкулов, район, шаар кызматтарынын жана структуралык түзүмдөрдүн жетекчилери менен кызматкерлери катышты. 1992-жылы 3-март– Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү. Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, үч ай ичинде шаар аймагындагы эс алуу бактары, аллеялар, турак-жайлардын айланасы, сел арыктар, тротуар жана темир-бетон арыктар тазаланып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактар, соода күркөлөрү алынып, көчөттөр тигилет. Жалал-Абад шаардык мэриясы, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын ишембиликтерге активдүү катышууга […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү жагын тапшыруу менен бирге тиешелүү кызмат, мекеме жетекчилерине куруучуларга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, курулуштун жалпы […]Читать далее
Бүгүн, 2-март күнү, Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу жана ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Ага Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин Жалал-Абад шаарындагы №5 өзүнчө батальонунун өздүк курамы, облустук жана шаардагы мекеме-ишканалардын жамааты, билим берүү тармагынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышты. Саамалыктын катышуучулары борбордук аянттан Аюб-Тоо боорундагы “Жалал-Абад” жазуусу коюлган стелага чейин жөө […]Читать далее
Бүгүн, 1-мартта Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айлындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Б.Сагымбаев, юстиция министри Аяз Баетов, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору М.Жыпаркулов жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер менен айыл тургундары катышты. […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. “Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Андыктан алдыда жасалуучу жумуштарга баарыбыз активдүү […]Читать далее
2024-жылдын 29-февраль күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев музыкалык мектебинин жыйындар залында, Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу боюнча Талас шаарынын тургундары менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Талкуунун уюштуруучулары Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Б.Р. Токтогулов, Талас шаардык биринчи вице-мэри Аскаров Э. […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө […]Читать далее
Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 51 млн. 264 миң сомго бааланган Кочкор айылындагы автобекет жер тилкеси менен жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Ормон-Хан айыл аймагындагы 3 млн. 200 миң сомдук 0,72 га жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Мүлктү башкаруу мамлекеттик фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти “Н.О.” ЖЧКга жана Кочкор […]Читать далее